Марал Радиосу

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн жаратылыш газы өчүрүлөт

Ушул жылдын 2-октябрынан 4-октябрга чейин Бишкектин айрым тилкелеринде жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» шаардык газ кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, № 16 газды жөнгө салуу пунктунда жабдууларды алмаштырууга байланыштуу Фрунзе, Суюмбаев, Ибраимов, Огомбаев көчөлөрү боюнча жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абоненттерди жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотууну түшүнүү менен кабыл алууну, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.