Марал Радиосу

«Борбор Азия-Германия» саммитинин максаты эмнеде?

Бүгүн Берлин шаарында мамлекет башчылардын деңгээлинде «Германия-Борбор Азия» саммити өтүп жатат. Анда эмнелер талкууланууда? Кыргызстан кандай пайда алат? Саммит кыргыз-немис кызматташтыгын жогорку деңгээлге чыгара алабы? 

Бүгүн болуп жаткан саммит Борбор Азия өлкөлөрүн Орусиянын таасиринен чыгаруу аракетинин уландысы экенин германиялык аналитик, постсоветтик өлкөлөр боюнча адис Александр Рар «Интерфакс» маалымат агенттигине берген маегинде айтып берген.

«5 + 1» форматындагы, башкача айтканда, Борбор Азиянын беш өлкөсү менен канцлер Олаф Шольцтун жолугушуусу биринчи кезекте Борбор Азия аймагын Орусия менен Кытайдын таасиринен чыгаруу максатында болууда. Евробиримдик буга бир топ күч жана акча жумшайт. Албетте Шольц бул өлкөлөрдү Орусияга каршы санкцияларга чакырбай койбойт».

Ишкер Айбек Сарыгулдун айтымында, дүйнөдө эки согуш болуп жатат: биринчиси, Орусия-Украина согушу болсо, экинчиси, дүйнөдөгү чоң өлкөлөрдүн ортосунда тымызын соода жүрүүдө. Ошондой эле бүгүнкү саммиттин максаты Борбор Азияны Орусиянын экономикалык чынжырынан чыгаруу жана Европа менен кызматташуу экенин кошумчалады.

«Кыргызстан — дүйнөдө соода жаатында орду бар өлкө, Дүйнөлүк соода уюмунун толук мүчөсү. Бирок ошол эле убакта Кыргызстан менен Казакстан ЕАЭБге мүчө,  бир тарабынан бул өзгөчө бир статус болуп жатат. Ошондуктан Батыш, АКШ, Европа менен болгон жолугушуулар мүмкүн болушунча «Борбор Азияны Орусиянын экономикалык чынжырынан кантип куткарсак? Ошол эле убакта кантип кызматташсак?» деген ойдо уюштурулуп жатат. Бул жолугушуу жакшы эле жыйынтык берет деп ойлойм».

Ошондой эле Айбек Сарыгул «Германиядан Кыргызстанга келген товарлардын көлөмү көбөйдү» деген пикирден алыс, анткени немис товарларынын көпчүлүгү башка өлкөлөрдө калып, биздин мамлекетке аз пайызы гана келип жатат.

«Германиядан Кыргызстанга келген товарлардын көлөмү өстү дегенден алысмын. Анткени ал жактан чыккан товарлардын көпчүлүгү башка өлкөлөрдө калып калууда. Мен билгенден көп товар Беларуста калып калат».

Аны менен катар Айбек Сарыгул Батыштын, АКШнын «Орусия менен соода-сатык алака түзбөгүлө» дегени туура эмес экенин айтты. Бирок аскердик техникаларды сатууга, алмашууга каршы экенин кошумчалап, күнүмдүк керектелген азык-түлүк, керектүү нерселерде соода жүгүртүү токтобошу керегин белгиледи.

Ал эми эл аралык жана геосаясий изилдөө борборунун директору Бакытбек Жумагуловдун пикиринде, COVID-19, Орусиянын Украинага ачкан согушунан кийин Борбор Азиянын деңгээли жогорулады.

Жумагуловдун айтымында, Германия Борбор Азия менен, анын ичинде Кыргызстан менен энергетика, логистика жаатында кызматташууга кызыкдар.

«Украина менен Орусиянын ортосундагы согуштан кийин COVID-19 башталып, чек аралар жабылгандан кийин, бир нече окуялар өткөн соң, Борбор Азия чөлкөмүнүн актуалдуулугу, деңгээли көтөрүлдү. Ошол үчүн Евробримдиктин лидери аталган Германиянын да Орто Азияга болгон кызыгуусу артууда. Алар Борбор Азия менен энергетика, логистика тармагы боюнча Евробиримдикке, анын ичинен Германияга кызыктуу болуп жатат».

Кыргызстандык эксперт Денис Бердаковдун пикиринде, Кыргызстан Германия менен курулуш тармагында кызматташа алат.

«Биринчиден, мен экономикалык сапарды чыдамсыздык менен күтүп жатам. Анткени Кыргызстан менен Knauf меморандумга кол коюшту. Жалпысынан, Борбор Азия бул келишимден 15-20 миллион евро ала алат деп ойлойм. Анткени Германия азыр Борбор Азияга кызыкдар. Германиянын учурда бир канча көйгөйү бар. Алсак, аларга электр энергиясынын арзан булактары керек. Өзбекстанда газдын көлөмү чоң. Өзбекстан ошол жагы менен кызыктырат. Ал эми Кыргызстандын өзү эле болгондо, рынок кичинекей болуп калмак. Бул — биздин чоң көйгөйүбүз. Бирок, биз тоолуу өлкөбүз. Тоолордон курулуш материалдарына керектүү чийки заттарды да алсак болот. Ошондой эле Кыргызстан Германия менен курулуш тармагында кызматташса болот. Себеби, Түркиядагы көптөгөн мейманканаларды немис компаниялары куруп берген. А эмнеге Ысык-Көлгө ошондой курсак болбойт? Ушул жаатта кызматташууну арттыруу зарыл».

Кошумчалай кетсек, «Борбор Азия-Германия» саммити биринчи жолу өлкө башчылар деңгээлинде өтүп жатат. Буга чейин ушул форматтагы саммит Евроибиримдик менен Астана шаарында өткөн.

Exit mobile version