Марал Радиосу

Кыргызстанга автоунааларды мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстандын аймагына автоунааларды мыйзамсыз алып кирүү фактысына бөгөт коюлганын кабарлады.

«Кайыңды-темир жол» товарларды чек арага каттоо пунктунда жалган эсеп-фактураларды берүү менен темир жол аркылуу 8 унааны мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекеттик салык жана бажы кызматынын адистери менен биргеликте республикалык бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.