Марал Радиосу

26 миң сомдук товар үчүн 31 миң сом пара сураган инспектор кармалды

Араван райондук милициясынын участкалык инспектору, лейтенант Ж. уулу К. пара алып жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Араван райондук милициясынын аймактык бөлүмүнө азык-түлүк дүкөндөрүнүн биринен 26 миң сомдук товар уурдалганы боюнча арыз түшкөн.

Инспектор Ж. уулу К. уурулукка шектүүнү досу менен кеңсесине чакырып, күч колдонуп, опузалап, ишти жаап берүү үчүн 31 миң сом талап кылып, анын 19 миң сомун алып койгон.

УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери жүргүзгөн иликтөөнүн жүрүшүндө, участкалык инспектор паранын калган 12 миң сомун алып жаткан жеринен кармалган.

Пара алууга шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганы, учурда тергөө жүрүп жатканы кабарланды.