Марал Радиосу

КМШ мамлекеттеринин аудиттик органдарынын жетекчилери жыйын өткөрдү

Бүгүн, 27-сентябрда Кыргызстандын Эсептөө палатасынын төрагалыгы астында КМШга мүчө мамлекеттердин аудиттик органдарынын жетекчилеринин кеңеши ХХ сессиясын өткөрдү. Жыйын видео-байланыш аркылуу өттү.

Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы кабарлагандай, иш-чарада мамлекеттик башкаруунун жогорку органдарынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Бул боюнча Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик аудит органдарынын, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин жетекчилери баяндама жасашты.

Сессиянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, келерки жыйынга чейинки иш планы бекитилди.