Марал Радиосу

Путин 15-октябрда Кыргызстанга келери айтылды

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков өлкө башчысы Владимир Путиндин Кыргызстанга келерин тастыктады. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазды.

Путин Беларусь президенти Александр Лукашенко менен 15-октябрда Кыргызстанда жолугушат.

Буга чейин Беларусь президенти Орусиянын президенти менен телефондон сүйлөшкөнүн, жолугушуу болорун билдирген.

«Биз президент чындап эле ушундай сапарды пландаштырып жатканын, ал жерде жолугушуу мерчемделгенин ырастай алабыз», — деди Песков.