Марал Радиосу

Ата-энесин кароосуз калтыргандарга айып салуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ата-энесин багуудан качкан бойго жеткен балдардын жоопкерчилигин күчөтүүнү караган мыйзам долбоорун сунуштады. Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинин 26-сентябрдагы жыйынында Үй-бүлө кодекси, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, жактырды.

Долбоорго ылайык, ата-энесине ырайымы жок балдар мамлекеттик кызматтарда иштей алышпайт. Кадр тандоодо ушул критерий эске алынат.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, ар бирин жаран ата-энесин кароосуз калтырбайт. Эгер мындайга барса, бир ирет 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салынат. Ал каражат ата-энесине жана алар жайгашкан карылар үйүнө колдоо көрсөтүүгө жумшалат.

1-октябрь — улгайгандардын эл аралык күнү.

Карыларына өзгөчө кам көргөн 6 өлкө

Exit mobile version