Марал Радиосу

Дзюдочу Эрлан Шеров Азия чемпиону болду

Дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Эрлан Шеров Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагындагы мелдеште алтын утуп алды.

Азия оюндарынын расмий сайты билдиргендей, Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмак ченинде финалда өзбек дзюдочусу Давлат Бобонов менен беттешип, ишенимдүү жеңишке жетти.

Ал Азия оюндарынын чемпиону болуп, бул оюндарда Кыргызстанга алгачкы алтын медалды алып келди.

Эрлан Шеров мелдештин 1/8 финалынан баштап күрөштү. Биринчи беттеште Кытайдын дзюдочусун жеңип, андан кийин ливандык атандашын да утту. Жарым финалда Бириккен Араб Эмирликтеринен келген атаандашын жеңип, финалга чыккан.

Exit mobile version