Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 25-сентябрда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +14…+19.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 8…10, күндүз 22…24 жылуу болот.