Марал Радиосу

Кайыпов: Өз жерибизде туруп да, кыргыз тилинде мектеп ача албадык

Чет өлкөдөн келип өз тилдеринде мектеп ачып жатат. Биз өзгө жерди кой, өз жерибизде да кыргыз тилинде мектеп ача албадык. Мындай пикирин белгилүү фольклор изилдөөчү, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов «Маралдын» эфиринде билдирди.

«Биздин мээбизде «Кыргызстан кичине, жарды өлкө, башкалардай боло албайбыз же тилибиз начар» деген өксүк бар. Азыркыга чейин бул нерсе толук жоюла элек. «Кыргыз тилинде сүйлөсөң, деңгээлиң төмөн сезилет» деп ойлоп келгенбиз. Ушул муунга чейин ал түшүнүк азайышы керек эле. Бирок кайра эле көптөгөн тилдер ар тараптан кошулуп, кыргыз тили бүдөмүк калып жатат. Чет жактан ар улуттагы адамдар келип, өздөрүнүн мектебин, университетин ачып, ата-энелердин акчасын алып, тилин эле эмес, өз маданиятын отурукташтырып жатат».

Анын айтымында, кыргыз тили кыргыздар тарабынан колдонула баштаса, ошол ишке ашкан мыйзам болот. Адам өз тилинде сүйлөгөндө патриоттук сезимдери ойгоно баштайт. Кандай өлкө болбосун, ошол эл өз тилинде сүйлөбөсө, мамлекет өнүкпөйт.

«Биз жогорку жактагы бийликтен баштап, элдин төмөнкү катмарына чейин кыргыз тилинде сүйлөй баштасак, башка улуттун адамдары кыргыз элине, жерине, ар бир атрибутуна болгон сый-урматын көрсөтүп турат. Тилдин башталган жери – үй-бүлө. Анын ичинде ар бир ата-эне балдарына кыргызча сүйлөп, кыргыз мектепке берүүгө басым жасашы керек. Себеби азыр жаштарда «тил үйрөнүп, башка өлкөгө кетем» деген оору пайда болду. «Мен Кыргызстанга кызмат кылып, өлкөмдү өнүктүрөм» деп айтпай калды. Ушунча жылдык тажрыйбам менен айта алам: билим берүү жагын өз колубузга албасак, жаштарыбызды башка өлкөлөрдөн келгендерге тапшырып койсок, анда бул өлкөнүн келечеги — бүдөмүк. Ар бир мектеп, университет өз өлкөсүнө арзан иш күчүн жасоо үчүн гана аракет кылат. Билим берүүнүн эң биринчи маселеси кыргыз тилин үйрөнүү, туура жаздырып сүйлөтүү болушу керек».

Exit mobile version