Марал Радиосу

Кайыпов: Кыргыз тили корголууга эмес, колдонулууга муктаж

1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Совети «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын алып берген. Ал учурдун тарыхы, азыркы кездеги кыргыз тилинин абалы, эне тилдин эртеңи. Бул жаатта белгилүү фольклор изилдөөчү, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов менен «Маралдын» эфиринде маектештик.

Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берүү үчүн атайын мыйзам долбоору сунушталып, ал 1989-жылдын 23-сентябрында Жогорку Советте кабыл алынган. Бул иштерге сиздин да салымыңыз бар экени айтылып жүрөт. Ошол учурду учкай эскере кетсеңиз… 

— Ал учурда «мамлекеттик тил» деген маселе кыргыздардын оюнда болгон эмес. Прибалтика, Кавказ өлкөлөрү өздөрүнүн тилин мамлекеттик тил статусуна көтөрө баштагандан кийин биз да ойгондук. Бир топ өлкө өздөрүнүн тилин мамлекеттик тил кылып, парламенттен өткөрүп алды. Анан кыргыздын аттуу-баштуулары, жазуучулары бул жаатта ойлоно баштады. Бардык нерсе мыйзамдуу түрдө парламенттин бюросунан өтмөйүнчө кабыл алынчу эмес. Ал учурда Жогорку Советтин юридика бөлүмүндө Муктар Чолпонбаев деген юрист иштээр эле. Анын айтымына караганда, дагы бир түбү таластык, Аманбек Карыпкуловдон тарбия алган юрист эже экөө Абсамат Масалиевге киришкен экен. Эже: «Башка элдер өз тилин мамлекеттик тил кылып кабыл алып жатат, биз ушинтип калып кете беребизби?» – деп ыйлаптыр. Бул жааттагы маалыматтар Масалиевге такыр башкача жеткен экен көрсө. Ошол жерден чындыгын угуп, дароо телефон чалып, «Эртеңки бюрого мамлекеттик тил боюнча маселени киргизгиле, бир добуштан өтсүн», – деп телефонду коюп коёт. Бул нерседен түшүнгөнүбүз, ошол учурда чоңдорго жагдай жеткен эмес. А элди тил маселеси тынчсыздандыра баштаган. Ошондон кийин Жогорку Совет «күн тартибинде каралсын» деген чечим кабыл алган.

Мыйзамдын долбоорун жазуу милдети Кыргызстан илимдер академиясынын Тил жана адабият институтуна жүктөлгөн. Институттун ал кездеги директору Абдыганы Эркебаев башында турган жумушчу топ түзүлгөн. Сыртбай Мусаев, Сагалы Сыдыков, Бүбүйна Орузбаева, анан мен – төртөөбүз «кара жумушун» аткарганбыз. Алгачкы текстти башка мыйзамдарга карап, жалпылаштырып, Сыртбай Мусаев өз колу менен үйүнөн жазып келген. Ошол тексттин негизинде талкуулар башталып, айтылган сөздөрдү жазып алып, кайра киргизгенбиз. Акырында төрт ай дегенде күзгө маал 41 беренеден турган «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам долбоору даяр болгон.

Мыйзамдын жаралышы өзүнчө, мамлекеттик тил жөнүндө идеялардын жаралышы өзүнчө шумдук болгон. Жалпы эл: «Өзүбүздүн эне тилибиз болот», – деп эргиген. Ар бир айылдан тонналаган каттар келген. Алар азыр архивде сакталып турса керек. Баарын карап чыгып, жакшы идеяларды мыйзамга киргизгенбиз. Адамдарда «жер-жерлерге бөлүнбөйбүз, баарыбыздын тилибиз бир болуп, чет жерге өзүбүздүн тилибизде кат жөнөтөбүз, котормочуларды даярдайбыз» деген сыймыктануу, сүйүнүү пайда болгон.

— Мыйзам кабыл алынгандан кийин сиз эмнелерди күттүңүз? Андан кийин кандай иш-аракеттер болду?

— «Мыйзам кабыл алынсын» деп, башка жумуштун баарын таштап, жарым жылыбыз ошону менен өткөн. «Бул нерсе ишке ашкандан кийин ар бир жаран өз тилинде сүйлөйт, иш кагаздардын баары орус тилинен кыргызчага которулуп чыгат» деген үмүт бар болчу. Кээ бир нерселер менин күткөнүмдөй болгон жок. Ошол кезде эле акчаларды бөлүшмөй, коррупциялык схемалар түзүлө баштаган. Мамлекеттин ишине тоскоол боло турганчалык деңгээлдеги иштерди жасашканын өз көзүм менен көрдүм. Мыйзам чыгып, андан кийин бир нече редакциясы да чыгып кетти. Бирок бизде бир нерсе өзгөргөн жок: кыргыздар өзүнүн тилин колдонууну, өзүнүн тилинде жашоону азыркыга чейин үйрөнгөн жок; азыр да оозеки иштердеби, расмий иштердеби, башка тил колдонулат. Биз өзүбүз кыргыз тилинин таламын талашкандан уялабыз. Башка улуттагылар Кыргызстанда туруп да, өзүнүн тилин талаша берет. Ошондон кийин менде бир тезис пайда болгон: кыргыз тили корголууга муктаж эмес, колдонулууга муктаж. Эгер адамдар кыргыз тилинде сүйлөбөсө, жазбаса, ал тил өнүкпөйт. Тил – сүйлөнгөн сайын күч алат.

— Кыргыз тили боюнча мыйзам кабыл алынды, бирок «башка тил» дале күчүн жоготкон жок. Мунун себебин эмнеден көрөсүз?   

— Кыргыз өзү иштин оңоюна качырганга көнүп алган. Азыркылар муну «акылдуулук» катары көрөт. Бул – эң жаман нерсе. Себеби оңой бүткөн иш эч качан терең жана туура болбойт. Биз башынан эле «муну которбой туруп эле көчүрүп жазалы» же «жаза турган адам жок» деп иштин жеңилине ыктай бергенбиз. Азыр «Ак үй» же башка жактагы редакциялардын баарында өзү кыргыз болгону менен эне тилин оозеки гана бир аз билип, чет тилде сүйлөгөн адистер иштеп, кыргыз тилин аксатып жатышат.

— Мамлекеттик тилге болгон мамилени жакшыртуу үчүн кандай кадамдар жасалса жакшы болмок?

— Кыргыз тилин өзүмдүн тилим деп кабыл алуу керек. «Эне тилге кызмат кылуу – ошол тилди дайыма жашоосунда колдонуу» дегендик. Азыр Мамлекеттик тил комиссиясы жакшы иштеп жатат. Себеби тилди илимий жолго коё баштады. Ар бир сөздүн контекстин түзүп, улам ар бир тилге которуп турат. Анан аларды интернетке киргизсе, кайсы тилде болбосун, которуп окуп ала берет. Эң негизгиси, биз кыргыз тилинде сабаттуу жазып, сүйлөй билишибиз керек.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!