Марал Радиосу

Бишкекте үч эм төрөлдү

Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда үч эм төрөлдү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ымыркайлар 36 жумасында кесерово жолу менен жарыкка келди. Наристелер 3 кг 300 грамм, 3 кг 660 грамм, 3 кг 445 грамм салмакта төрөлдү.

Үч эмдин энеси Бишкек шаарынын Октябрь районунун тургуну. Бул 34 жаштагы келиндин бешинчи төрөтү. Учурда ымыркайлардын абалы туруктуу жана алар үйүнө чыгарылды.