Марал Радиосу

Мамыралиев: Казакстандан Кыргызстанга келген ундун көлөмү кыскарды

Кыргызстанда өткөн бейшемби күндөн тарта биринчи сорттогу импорттук ундун баасы кымбаттады. Себеби Казакстандан келген ундун көлөмү кыскарды.

Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Айбек Мамыралиев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 19-сентябрдагы жыйынында айтты.

Ал өкмөткө тиешелүү сунуштар берилгенин жана маселени чечүү жолу каралып жатканын билдирди.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Кыргызстан эмне себептен буудай менен өзүн-өзү камсыз кыла албай жатканын сурап, базарларда нандын кымбаттап жатканын кошумчалады.

Депутат Кыргызстанда жашоо минимуму 6300 сом экени жана бул эч нерсеге жетпей турганын айтты.