Марал Радиосу

Жасалма шенген визасын даярдоо менен алектенген чет элдик жарандар кармалды

Жасалма шенген визасын даярдоо менен алектенген чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Пакистандын жарандары М.Р. жана А.В. ири суммадагы акчалай сыйлык алуу үчүн, Пакистандан келген туристтерге Италиянын жасалма шенген визаларын туруктуу сатуу каналын уюштурушкан. Андан ары алар Казакстан, Орусия жана Беларусия аймактары аркылуу Европа өлкөлөрүнө жөнөтүүнү пландаштырышкандыгы аныкталды.

Чет элдик жарандар кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.