Марал Радиосу

Чынгыз Эшимбеков Кыргызстандын Катардагы элчиси кызматынан бошотулду

Чынгыз Эшимбеков Кыргызстандын Катардагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти.

Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Чынгыз Эшимбеков 2019-жылы сентябрда Катарга элчи болуп дайындалган.