Марал Радиосу

Тайырбек Жумашбек уулу күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло утту

Taiyrbek ZHUMASHBEK UULU (KGZ)

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 61 кг салмак менен беттешип, алгач азербайжандык балбынды 5:0 эсебинде, чейрек финалда түркиялык балбанды 4:2 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алган.

Ал эми жарым финалда АКШ балбаны Виталий Аруджау менен күч сынашып, жеңилип калган.

Коло байге үчүн күрөштө Тайырбек Жумашбек уулу жапониялык балбанды 2:1 эсебинде жеңип, 3-орунду ээледи.