Марал Радиосу

Бир суткадан бери жүргүнчүлөр Бишкектен Стамбулга уча албай турушат

«Манас» эл аралык аэропортунда бир суткадан бери жүргүнчүлөр Түркиянын Стамбул шаарына учуп кете албай турушат. Буга учактын бузулушу себеп болуп жатканы маалым болду.

15-сентябрда түнкү саат 02:32де “Манас” аэропортунан ТК 347 каттамы боюнча учак учуп, бирок 40-50 мүнөттөн кийин артка бурулуп, Бишкекке кайтып келген.

Адистер борт компьютеринин бузулган жерин оңдоп, учак учууга уруксат алган. Бирок көтөрүлүү алдында кайрадан мүчүлүштүк бар экени аныкталып, учак учпай, 174 жүргүнчү мейманканаларга жайгаштырылган.

«Turkish Airlines компаниясынын өкүлдөрү маселе боюнча иштешүүдө. Учак 17-сентябрь күнү саат 02:10до асманга көтөрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version