Марал Радиосу

Президент Бишкектеги музыкалык билим берүү мекемелерин оңдоону тапшырды

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын музыкалык билим берүү мекемелеринин ишмердигин күтүүсүз барып текшергенин президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев айтты.

Жапаров М. Абдраев атындагы республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатына жана М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайына барды.

Анда мектеп-интернат совет мезгилинде курулуп, окуу корпустары оңдоп-түзөөгө муктаж экени, балдар жатаканасынын имараты  кейиштүү абалга келгени айтылды.

М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайы 1939-жылы курулуп, 2015-жылы имараттын маңдайкы бөлүгү гана оңдолгон. Жетекчиликтин маалыматы боюнча, андан кийин капиталдык реконструкциялоо жүргүзүлгөн эмес.

Президент Жапаров эки мектепте тең капиталдык оңдоо иштерин жасоону, билим алуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүүнү, ошондой эле эки мектептин аймагында балдар үчүн жатаканалардын жаңы имараттарын курууну тапшырды.