Марал Радиосу

Баткен окуясында курман болгондорго эстелик тургузулду

Бүгүн 15-сентябрда Баткен шаарында 2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чаранын алкагында «Жеңиш» паркында чек ара курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында тургузулган эстелик-мемориалдын ачылышы болду.

Эстелик-мемориалда колуна жети көгүчкөн кармаган, чек ара окуясынын курмандыгы болгон кичинекей Мадинанын элеси, тынчтыктын, жети облустун биримдигинин символу чагылдырылган. Эстеликтин автору: жергиликтүү скульптор Абдисапа Калматов.