Марал Радиосу

Кыргызстанга мигранттардын акча которуулары азайды

Сүрөт интернеттен алынды

Улуттук банктын маалыматына караганда, чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер ушул жылдын июль айында өлкөгө 145 млн доллардан ашык акча которгон. Бул май айына караганда дээрлик 18 млн долларга аз.

Которулган акчанын басымдуу бөлүгү Орусияга туура келет. Андан кийин алыскы чет мамлекеттер турат.

Мигранттардын жыл башынан бери которгон акчасы 1 млрд 107 миллион долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,5 пайызга аз.