Марал Радиосу

Кытайлык компания Ысык-Көлдө Күн электр станциясын куруу ниетин билдирди

Бүгүн, 14-сентябрда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов China Energy Engineering Corporation кытай компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Агенттиктин басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган кытайлык компания электр станцияларын куруу жана аларга жабдууларды чыгаруу менен алектенет. Компания Кыргызстанда инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөргө кызыккан.

Талантбек Иманов инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө артыкчылыктуу көңүл бурарын, учурда кыргыз-кытай мамилелери жогорку деңгээлге чыкканын белгиледи.

Аталган компания Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылынын аймагында кубаттуулугу 500 мВт болгон Күн электр станциясын куруу ниетин билдирди. Долбоордун рентабелдүүлүгү боюнча изилдөө жана инвестициялык келишимди даярдоо иштери жүрүп жатат.