Марал Радиосу

Экономика министринин орун басарларынын саны кыскартылды

Министрлер кабинетинин чечими менен экономика жана коммерция министринин орун басарларынын саны кыскартылды. Өкмөттөн кабарлашкандай, чечим министрликтин системасын оптималдаштыруу жана ишин натыйжалуу уюштуруу максатында кабыл алынды.

Экономика жана коммерция министринин орун басарларынын саны 4 адамга кыскарды.

Мындан тышкары Туризм департаментинин директорунан министрдин орун басары рангы алып салынды.

Буга чейин экономика министринин алты орун басары бар экени белгилүү болгон.