Марал Радиосу

«Кыргыз экспорт» мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз экспорт» мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Мындай чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүүнү көздөйт. Борбордун негизги милдеттери — Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу, эл аралык жана региондор аралык тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, экспрорттоону жакшыртуу аркылуу өлкө экономикасын диверсификациялоого көмөктөшүү.

Экономика жана коммерция министрлиги эки айда «Кыргыз экспорт» мекемесинин түзүлүшүнө байланыштуу уюштуруу-техникалык жана финансылык маселелерди чечүү тапшырылды.