Марал Радиосу

14-сентябрдын аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 14-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан жаабайт, кечке маал өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +23…+25 градус болот.