Бүгүн, 13-сентябрда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин көптөгөн автотранспорт каражаттарын каттоо бөлүмдөрүндө иш процесси токтоп калган учурлар байкалууда.
Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлап, анын себеби бир катар мамлекеттик органдардын автоматташтырылган маалымат системасында бузулуулар пайда болгонуна байланыштуу экенин билдирди.
Учурда башка мамлекеттик органдар менен биргеликте техникалык бузулуулардын себептерин жоюу иштери жүрүп жатат.