Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстанга кызамык-кызылча вакцинасынын 755 миң 500 дозасы алып келинди. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кызылча-кызамык вакцинасы — аралаш вакцина, ал ийиндин мүрү булчуңуна тери астына куюуга гана арналган.
Иммунизациядан кийинки мүмкүн болгон кыйыр көрүнүштөр — инъекция жасалган жердеги кызаруу жана ооруксунуу 3 күндөн көп эмес убакыт ичинде өз алдынча өтүп кетет.
Бул вакцина менен оорунун чыгышына жооп катары иммунизация жүргүзүүнүн алкагында 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар эмделет. Иммунизация убактылуу эмдөө пункттарында жүргүзүлөт, алар саламаттык сактоо уюмдарында жана билим берүү мекемелеринде уюштурулат.
Кызамык жана кызылчага каршы кошумча вакцина берүү өнөктүгү 18- сентябрда Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында башталып, 29-сентябрга чейин уланат.