Марал Радиосу

Кайра шайлоо: Добуштарды кол менен саноо аяктады

Бишкектин Ленин райондук округунда өткөн шайлоонун жыйынтыктары шайлоо участкаларында добуштарды кол менен эсептөө аяктагандан кийин да өзгөргөн жок.

Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлагандай, 51 шайлоо тилкесинен бардык документ (протоколдор, идентификациялоо чектеринин көчүрмөлөрү жана АЭУ чектеринин көчүрмөлөрү, бюллетендер ж.б.) Ленин округундагы шайлоо тилкесине өткөрүлүп берилди.

​Кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы электрондук маалыматтар менен дал келген. Добуштардын басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле талапкер Кубанычбек Самаковго таандык. Ага 26,14%, же 5279 адам добуш берген.