«АЮ Холдинг» компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2023-жылдын 8-сентябрындагы чечими менен айыпталуучу А.Ш.Ш. сыртынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган.
2023-жылдын апрель айында чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси «Алкоголдук жана алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү» боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында үч адам кармалган.
Президент Садыр Жапаров 14-апрелде «Кабар» агенттигине маек куруп жатып, «Аю» компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өткөнүн жарыялаган. Президенттин маалыматына караганда, «Аю» компаниясы «кустуруу» кампаниясынын курмандыгы болгон жок, ишкана мамлекетке миллиондогон сом салыктарды төлөбөй келген.
«АЮ Холдинг» 2003-жылы негизделген. Холдингге бир канча белгилүү компания кирет. Анын ээси Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаршенбек Абдыкеримов.