Марал Радиосу

Активист Зарина Торокулова 30-октябрга чейин камакка алынды

Активист Зарина Төрөкулова Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 2-бөлүгүнө (Массалык баш аламандыктар) туура келген материалдарды системалуу түрдө Фейсбук баракчасына жарыялагандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

9-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, 30-октябрга чейин камакка алуу чечими чыккан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.