Марал Радиосу

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймагында жер титиреди

Бүгүн, 11-сентябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер тирирөө саат 07:54тө болуп, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Баткендин Кадамжай шаарында жана Пүлгөн айылында 3,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.