Марал Радиосу

Тармактык комитет Бейшеналиев менен Баатырованын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети саламаттыкты сактоо жана эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлеринин кызматына Алымкадыр Бейшеналиев менен Гүлнара Баатырованын талапкерлигин жактырды.

Талапкерлерди президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Маселени карап чыгып, комитет мүчөлөрү Алмыкадыр Бейшеналиевди Саламаттыкты сактоо министри, Гүлнара Баатированы Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри болуп дайындоону бир добуштан колдошту.

Белгилей кетсек, 7-сентябрда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев кызматынан бошотулган. Анын ордуна саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова дайындалган.