Марал Радиосу

Марокконун жер титирөөдөн кийинки көрүнүшү (сүрөт, видео)

Марокко мамлекетинде болгон жер титирөөдөн көз жумгандардын саны 2 миңден ашып, үч күндүк улуттук аза күтүү күнү жарыяланды.

Марокконун геофизикалык борбору силкинүү очогу Атлас тоосунда болуп, күчү 7.2 баллга жеткенин маалымдаган. Ал эми АКШнын геологиялык кызматы жер титирөөнүн күчүн 6.8 балл деп баалаган.

Жер титирөө болгон тоолуу аймак Марракеш шаарынан 70 км алыстыкта, түштүк-батышта жайгашкан. Силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча 23:00дө башталган.

Exit mobile version