Марал Радиосу

Таласта 603 турак үй сел коркунучунан корголду

Талас облусу боюнча 603 турак үй сел коркунучунан корголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМдин «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» боюнча 2023-жылдын иш мерчемине Талас облусунун Талас, Манас, Бакай-Ата райондорундагы 7 сел өткөрүүчү каналдарын механикалык тазалоо, иштерине сунушталган.

Бүгүнкү күндө сунушталган сел агуучу каналдарынын алардын төртөөндө механикалык тазалоо жумуштары толугу менен аткарылып, ал эми 1 каналда тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Аткарылган иштердин натыйжасында 603 турак жайы, 1 мектеп, 1 бала бакча,1 мечит, 1 лицей, 2 көпүрө жана 2 администрациялык мекемеси корголгон.

Алдыда жергиликтүү бийликтин күчтөрү менен аткарылуучу Бакай-Ата районунун 2 сел өткөрүүчү каналында механикалык тазалоо иштери башталганы турат.