Марал Радиосу

10-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет билдиргендей, 10- сентябрь түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +31…+33 градус жылуу болот.