Марал Радиосу

Бектур Зулпиев президенттин кеңешчиси болду

Бектур Зулпиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

58 жаштагы Бектур Зулпиев буга чейин президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Ага чейин теория, мамлекеттик тарых жана укук кафедрасында улук окутуучу, Борбордук шайлоо комиссиянын аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси, БШКнын төрагасынын кеңешчиси, президенттик администрациянын укуктук саясат бөлүмүнүн жетекчиси, юридикалык кызматынын жетекчиси болгон.