Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилди.
Былтыр 19-августта Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган. Ал дароо эле Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болгон.