Марал Радиосу

Алымкадыр Бейшеналиев мурунку кызматына кайра келди

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилди.

Былтыр 19-августта Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган. Ал дароо эле Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болгон.