Марал Радиосу

Нурия Кутнаева санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткарат

Нурия Кутнаева санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Нурия Кутнаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Нурия Кутнаева буга чейин «Түндүк» мамлекеттик ишканасын жетектеген.