Талантбек Иманов президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Президенттин администрациясы билдиргендей, ал санарип министри кызматынан бошотулду.
Аталган агенттикти буга чейин Умбриэль Темиралиев жетектеген. Ал 7-сентябрда башка кызматка өткөндүгү белгилүү болду.
Темиралиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп 2022-жылдын сентябрь айынан бери иштеди.
Талантбек Иманов санариптик өнүктүрүү министрлигин быйыл январь айынан бери жетектеп келген.