Марал Радиосу

Талантбек Иманов инвестициялар боюнча агенттикке жетекчи болду

Талантбек Иманов президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Президенттин администрациясы билдиргендей, ал санарип министри кызматынан бошотулду.

Аталган агенттикти буга чейин Умбриэль Темиралиев жетектеген. Ал 7-сентябрда башка кызматка өткөндүгү белгилүү болду.

Темиралиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп 2022-жылдын сентябрь айынан бери иштеди.

Талантбек Иманов санариптик өнүктүрүү министрлигин быйыл январь айынан бери жетектеп келген.