Марал Радиосу

Умбриэль Темиралиев инвестициялар боюнча агенттиктин жетекчилигинен кетти

Умбриэль Темиралиев Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Темиралиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулганы кабарланды.

Темиралиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп 2022-жылдын сентябрь айынан бери иштеген.

Exit mobile version