Марал Радиосу

Уланбек Усеков билим берүү министринин милдетин аткарат

Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Каныбек Иманалиев 7-сентябрда билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Президенттин администрациясы кабарлагандай, ал тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн иштен алынды.

Иманалиев бул кызматка 6-мартта дайындалган.

Уланбек Усеков буга чейин билим берүү министринин биринчи орун басары болуп иштеген.