Марал Радиосу

8-сентябрда тоолуу райондордо жаан жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 26…28 градус болот.