Марал Радиосу

АКШ кыргызстандыктар үчүн виза алууну жеңилдетери күтүлүүдө

Жакынкы убакта АКШ кыргызстандыктар үчүн виза алуу процедурасын жеңилдетери күтүлүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында айтты.

Жыйында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Кыргызстандын жарандарына АКШга виза алуу маселесин иштеп чыгууну суранды. Ал АКШ университеттеринде окуган студенттер жыл сайын ушундай көйгөйгө туш болорун, визасын узартуу үчүн Кыргызстанга кайтууга аргасыз болушарын белгиледи.

Анын айтымында, студенттик виза бир жылга гана берилет. Бир жылдан кийин АКШнын университеттеринде окуган студенттер мекенине кайтып келишет. Бул ар бир үй-бүлө үчүн кошумча чыгым жана ыңгайсыздык пайда кылат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттын суроосу боюнча жооп берип, АКШ бийлиги менен кыргызстандыктар үчүн виза берүүнүн жол-жобосун жеңилдетүү маселеси сүйлөшүлүп жатканын айтты.

«Жакынкы айларда бул маселе оң натыйжа берет деп үмүттөнөбүз. АКШ виза берүүнү жеңилдетип, анын мөөнөтүн 5-10 жылга узартуу жөнүндө сөз болуп жатат», — деди ал.

Exit mobile version