Акыркы убактарда күч органдардын күбөлүктөрүн жасап саткан жарнактар көбөйүп баратат. Бул билдирүүнү Ички иштер министрлиги таратып, документ жасоо кылмыш экенин эскертти.
Маалыматка ылайык, документ жасагандар, жасалма документ колдонгондор Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси менен жоопко тартылат.
Тактап айтканда, документ жасагандар, расмий документтердин түпкү мазмунун өзгөртүп, жалган маалымат тараткандар, жасалма документти сатып өткөргөндөр, мөөр же мамлекеттик сыйлыктарды жасап бергендер эки жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажырайт.
Ички иштер министрлиги жарандарды мыйзамды так сактап, кыраакы, аяр, юридикалык жактан сабаттуу болууга чакырат.