Марал Радиосу

Кыргызстандан алтынды мыйзамсыз чыгарып жүрүүгө шектүүлөр кармалды

Кыргызстандан бир нече жолу алтын буюмдарын алып чыгып жүргөн аткезчилер менен бирге «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

3-сентябрда саат 8:40 чамасында «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын жаранынын жанынан (К.Н.) жалпы салмагы 3 кг, 985 граммды түзгөн 6 даана сары түстөгү катуу материал буюмдары табылган. Алтын буюмдар боюнча расмий документтер болгон эмес.

Мындай фактынын негизинде кылмыш иш козголуп, «Манас» эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын эки кызматкери, ошондой эле жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар дагы эки жаран кармалган. Тергөө жүрүп жатат.

Exit mobile version