Марал Радиосу

ӨКМ: Тоолуу райондордо сел жүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө таянсак, 4-5-сентябрда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Кырсык катталган учурда «112» номерине чалыңыз. Байланыш акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Exit mobile version