Марал Радиосу

Кара-Сууда чыккан ири өрт толук өчүрүлдү

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын Козубаев көчөсүнүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт саат 8:38де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө саат 2:02де Кара-Суу райондук өрткө каршы бөлүмү тартылган. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 топ барган.

Өрт саат 02:59да чектөөгө алынып, саат 08:38де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.