Марал Радиосу

Чоң-Алайда УКМКнын жаңы имараты ишке берилди

2-сентябрда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын пайдаланууга тапшырды.

Ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын өздүк курамы жана УКМК ардагерлери катышты.

Ташиев өздүк курамга куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, өлкөнүн бардык аймактарында УКМКнын имараттарын жаңылоо иши жүрүп жатканын, Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарында атайын кызматтын бардык имараттары толугу менен жаңыланып бүткөнүн билдирди.

Жакынкы арада Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүй облустарындагы курулуш иштери да аягына чыгарын белгиледи.

УКМКнын Чоң-Алай райондук бөлүмү буга чейин Советтер Союзу учурунда курулган имаратта иштеп келген. Жаңы имаратта заманбап шарттар толугу менен камсыздалган.

Имаратты курууда мамлекеттик бюджеттен каржы коротулган эмес.

Exit mobile version