Марал Радиосу

Депутат Мадумаровдун баш коргоо чарасы каралат

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жеткирилди. Ал журналисттерге билдиргендей, бүгүн анын баш коргоо чарасы каралат.

Депутат журналисттердин суроосуна кыска жооп бергендей, ал Баткен маселесине байланыштуу суралууда.

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда көчөдөн ИИМдин атайын даярдыктагы кызматкерлери кармап кетшкен, жанында кичүү баласы да болгон. Ички иштер министрлиги расмий маалымат бере элек.

Буга чейин Башкы прокуратура «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксат сурап, парламентте түзүлгөн комиссия ага макулдук берген.

Маалым болгондой, депутаттык комиссия Адахан Мадумаровго коюлган төрт берененин бири, Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) менен жоопкерчиликке тартууга макулдук берген.

Башкы прокуратура 2022-жылы да Мадумаровду «чыккынчылык» беренеси менен айыптап, жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш киргизген. Депутаттык комиссия ишти бир ай карап, прокурордун сунушун четке каккан.

Exit mobile version